• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан күз-кыш мезгилинде 17,4 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт

Экономика 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Кыргызстан 2023-2024-жылы күз-кыш жылытуу мезгилинде жалпы 17,4 млрд киловатт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Министрдин айтымында, анын 14,2 млрд кВт/саатын Кыргызстан өзү өндүрсө, 3,2 млрд кВт/саатын коңшу өлкөлөрдөн импорттойт.

"Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 13,4 млрд кВт/с Токтогул каскадындагы ГЭСтерде, ал эми 1,9 млрд кВт/с Бишкек Жылуулук электр борборунда өндүрүлөт", - деди министр.

Ал белгилегендей, Кыргызстан электр энергиясын Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттойт. Учурда Россия жана Түркмөнстандан электр энергиясы келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий