КР ТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте өткөн. Анда министр менен элчи кыргыз-америкалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий