• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүү үчүн коштомо кагаздын формасы өзгөртүлдү

Экономика 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы токтому менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү үчүн импорттоочулар тарабынан таризделүүчү коштомо кагаздын формасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, импорттоочулар коштомо кагаздын формасына, ошондой эле анын тиркемелерине мурда көрсөтүлүп келген 4 сандуу белгинин ордуна, ташылып келинген товарлардын ТЭИ ТНнын 10 сандан турган кодун көрсөтүү керек.

Ошондой эле коштомо кагазга "Валюта", "Товардын бирдиги үчүн баа" жана "Жалпы нарк" деген графалар кошулган. Буга чейин ташып кирген товарлардын көлөмү гана көрсөтүлүп келген.

Аталган өзгөртүүлөр салыктык башкарууну жакшыртуу максатында киргизилген.

Ошондой эле аталган токтом менен жеке пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасына товарды ташып келүүдө (импорттоодо) адамдардын товар алып өтүшүнүн кайталанышы конкреттүү аныкталган.

Мындан тышкары, жогоруда аталган токтом менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда соодалашуунун алкагында Кыргыз Республикасына темир жол транспорту менен ташып кирүүдө (импорттоодо) товарларды эсепке алууну жакшыртуу максатында Талас облусунун Кара-Буура районунда жайгашкан “Маймак” темир жол станциясына товарларды эсепке алуу пунктун ачуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий