• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-Чех аталышындагы банк жок – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 02.02.24./Кабар/. Instagram социалдык тармагында өзүн Кыргызстандагы Чехия капиталына ээ жана банктык кызматтарды сунуштаган биринчи банк катары маалымдаган «Кыргыз-Чехия Банкы» ААКтын баракчасы пайда болду.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, аталган банк Улуттук банктын коммерциялык банктарынын реестринде жок.

"Улуттук банкка аталган банкты түзүү боюнча эч кандай кайрылуулар түшкөн эмес, ушуга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий