• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ипотекалык насыя. 2022-жылы 1804 киши турак жай менен камсыз болду

Экономика 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. 2022-жылы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1 миң 804 адам 4 млрд 655 млн сом ипотекалык насыя алышкан.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашырууга жана 2022-жылы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында министрлер кабинетинин токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3,8 млрд сом бөлүнгөн.

2022-жылдын 31-декабрына карата (“МИК” ААКнын маалыматы) электрондук порталга “Менин үйүм 2021-2026” программасына катышуу үчүн 56 миң 800 жаран катталган, анын ичинен 19 миң 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат.

Белгилей кетсек, “МИК” ААК тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз алдынча багыттар боюнча кайра бөлүштүрүлөт (Ипотекалык кредиттөө, турак жай курулушу ж.б.)

Пикир

Оставить комментарий