• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

МСК: ЭТТКны колдонуу кошумча отчет жана чыгымдарга алып келбейт

Экономика 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы айрым ишкерлердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз ( ЭТТК) кошумча чыгымдарга жана товарлардын баасынын өсүшүнө алып келери, ошондой эле ашыкча отчет берүүнү талап кылары тууралуу кооптонуулары негизсиз жана чындыкка дал келбестигин билдирет.

ЭТТК менен иштөө үчүн ишкерге кандайдыр бир жаңы жабдууларды же системаларды сатып алуунун, кошумча салык отчетторун берүүнүн зарылчылыгы жок, болгону Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинетинен" иштөө жетиштүү.

ЭТТК товарларды көзөмөлдөө үчүн гана керек жана салык төлөөчү өз ишин контролдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Атап айтканда, ишкерлердин дарегине товарларды жалган жеткирүү тобокелдиктерин жокко чыгарат.

ЭТТК – бул товарлар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирген унаа жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук документ. Бул ыкчамдык, кеңсе чыгымдарын азайтуу, сатып алуучу-сатуучу-ташуучу чынжырындагы башкарууну жакшыртуу.

Эң негизгиси, ЭТТК таза жана ачык атаандаштык үчүн шарт түзүп, контрабандалык жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коет.

ЭТТК системасына катталгандан кийин товар жөнүндө бардык маалыматтар салык порталында реалдуу режимде чагылдырылат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан бери мунай, мунайзаттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан бери Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр ЭТТКны колдонушууда.

2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТКны товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонууга тийиш.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын кызматкерлери республика боюнча салык төлөөчүлөр үчүн "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" сервисин колдонуу боюнча түшүндүрүү тренингдерин өткөрүшүүдө.

Мындан тышкары, "Дордой-Дыйкан" базарындагы ишкерлерге, анын ичинде митингдин катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында тараптар ЭТТКны колдонуу зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

Жолугушууларда адистер ЭТТК системасындагы иштин негизги функцияларын, анын ичинде каттоодон өтүү, электрондук документтерди толтуруу ж. б. көрсөтүштү.

Бүгүнкү күндө 34 миң 511 ишкер Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда.

Пикир

Оставить комментарий