• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясында коллегия өттү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын биринчи жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер боюнча коллегия өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, ошондой эле төрт райондун башчылары Максатбек Сазыкулов, Максатбек Саргазаков, Жыргалбек Шакиев, Жаныбек Орозалиев баяндама жасашты.

Баяндамачылар экономика жана каржы, турак жай-коммуналдык чарба, ошондой эле социалдык тармак боюнча маалымат беришти. Андан сырткары, экинчи жарым жылдыкка карата пландар белгеленди.

Коллегиянын жүрүшүндө баяндамачыларга айрым маселелер боюнча суроолор берилип, сунуштар айтылды.

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге стихиялуу сооданы көзөмөлгө алуу, таштандыларды өз убагында чыгарууну камсыз кылуу, ал эми Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаковго өзүм билемдик менен орнотулган чатырлар жана кире бериш топтор боюнча маселени кароо сунушталды.

Эмилбек Абдыкадыров райондук администрацияларга, шаардык кызматтарга шаарда тиешелүү документтери жок курулуштарды токтотууну тапшырды.

Мэрдин биринчи орун басарына кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү бюджеттин резервдерин аныктоо, салыктык жана салыктык эмес кирешелерди башкарууну жакшыртуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.

Өзгөчө шаардын бюджетин толтуруу үчүн салыктык эмес төлөмдөрдү чогултуу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле райондук администрацияларга жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына өз алдынча иштеп жаткан объектилерди көзөмөлдөө жана аныктоо, зарыл болгон учурда жер тилкесин ижарага берүү келишимин түзүү үчүн муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине жөнөтүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, мэр реформаларды ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, берилген тапшырмалар аткарылбаган учурда чаралар көрүлөрүн эске салды.

Бишкек шаарындагы кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында Курманжан Датка көчөсүнөн Салиева көчөсүнө, Алыкулов көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине, Байтик Баатыр көчөсүнөн Токомбаев проспектисине кошумча оңго бурулуш тилкесин уюштуруу долбоору сунушталды.

Ошондой эле Жибек-Жол проспектисинин боюндагы учурдагы Аламүдүн дарыясы өтүүчү көпүрөнү кеңейтүү, Ахунбаев көчөсүндө Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин коомдук транспорттун аялдама комплекси үчүн чөнтөк уюштуруу менен жолду кеңейтүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий