• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен шаарында Санариптик амбулатордук карта ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Баткен облусундагы аймактык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен Санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында министрдин орун басары министрликтин жетекчилиги саламаттыкты сактоодо санариптик чечимдерди колдонууга артыкчылык берерин белгиледи.

"Министр коллегияда саламаттыкты сактоону санариптештирүү министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бир экенин билдирди. Ошондуктан, санариптик амбулатордук картаны колдонуу бул иш-чараларды ишке ашыруудагы дагы бир кадам болуп саналат", - деди министрдин орун басары.

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына саламаттыкты сактоонун учурдагы маалыматтык системалары көрсөтүлүп, Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбаев iLAB лабораториялык маалымат системасы иш жүзүндө толугу менен колдонулуп, бардык жыйынтыктар маалыматтык системанын жардамы менен чыгарылып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы №9 ҮМБга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерин окутуу башталды.

Пикир

Оставить комментарий