• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кайрагач – Кулунду – Арка жолундагы көпүрө капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Баткен облусундагы Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолундагы көпүрө капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолундагы көпүрө оңдолуп, бекемделип, тосмолору сырдалып, тазаланды.

Ошондой эле жолчулар тарабынан Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу, жол элементтерин актап, сырдоо жана айлананы таштандыдан тазалоо иштери аткарылууда.

Мындан сырткары, Мурас айылына жакын жердеги Бели-Сынык ашуусунун жолу кеңейтилип, калк жана чек арачылар үчүн Маргун – Достук жана Тогуз – Булак-Сүлүктү – Базак-Сай шагыл жолдору салынууда.

Пикир

Оставить комментарий