• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Учурда өлкөдө 48 миң 592 бир ирет жана 20 миң 666 көп жолу колдонулуучу коргонуучу костюмдун запасы бар – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев учурда өлкөдө жеке коргонуу каражаттарынын канча запасы бар экенин айтып берди.

"30-апрелге карата 48 миң 592 бир жолу кийилүүчү коргонуучу кийим, 20 миң 666 көп жолу колдонулуучу коргонуучу кийим жана респиратордун 83 миңден ашык запасы бар. Ал эми медициналык беткаптар боюнча маселе биздин ишкерлердин, демөөрчү болгон жарандардын жардамы менен чечилди", - деди ал.

Ал, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу кошумча жеке коргонуу каражаттарын алуу үчүн 188 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий