• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстандын аймактарында нотариалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңеет

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын алыскы аймактарындагы жарандар үчүн нотариалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында жеке нотариустарды лицензиялоо жол-жобосуна айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен маалымдашты.

Юстиция министрлигинин алдындагы "Квалификациялык комиссия жөнүндө" жобого киргизилген өзгөртүүгө ылайык, эми квалификациялык экзаменден 60 жана андан ашык балл алган талапкерлер КР Нотариалдык палатасынын алдындагы "Нотариат мектеп" окуу борборунда эки жумалык стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бул жаңылык катышуучуларга КР "Нотариат жөнүндө" мыйзамында каралган үч айлык стажировкадан милдеттүү өтпөстөн экзаменди кайрадан тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгиленгендей, демилгенин негизги максаты Кыргызстандын айрым аймактарында калктын нотариалдык кызматка жетүүсүн чектеген жеке нотариустардын жетишсиздигин жоюу болуп саналат.

Ченемдик укуктук практиканын мындай өркүндөтүлүшү жарандардын укуктук чөйрөдөгү муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.

"Жаңы нормага туура келген адамдар 2024-жылдын 25-майына чейин эки жумалык стажировкадан өтүү үчүн Нотариалдык палатанын алдындагы "Нотариалдык мектеп" окуу борборуна жиберүү жөнүндө арыз менен Юстиция министрлигине кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий