Бишкекте медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналган иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, муниципалитеттин сыйлыктарын тапшырды.

Иш-чарада Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата юбилейлик медалдар, шаардык мэриянын алтын төш белгиси, күмүш төш белгиси, кол сааттары, Ардак грамотасы, ыраазычылык каты менен бир катар кызматкерлер сыйланды. Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын арасындагы сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий