КР элчилиги Лондондогу «Борбордук Азиянын жаз майрамы – 2022» аталышындагы иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги эл аралык Нооруз күнүнө арналган, Лондондогу университеттик колледжинде (UCL) болуп өткөн «Борбордук Азиянын жаз майрамы – 2022» деп аталган иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жаз майрамынын демилгечилери жана уюштуруучулары Лондондо окуп, билим алып аткан Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын жана башка өлкөлөрдүн студенттик коомчулуктарынын өкүлдөрү болушту.

Аталган иш-чарада кыргыз элинин улуттук маданиятын жана каада-салтын чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн жасалгалары тартууланып, ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана кооз жерлери тууралуу маалымат материалдары таркатылды.

Маданий программасы менен сунушталган элдик, анын ичинде Кыргызстандын да, бийлери жана ырлары жаз майрамынын катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну туудурду. Майрамдын сахнасында белгилүү, анын ичинде Атай Огонбаевдин «Маш ботой», Шайлообек Дүйшеевдин «Бий мерген», Курмангазы Азыкбаевдин «Түшүмдө» жана «Көчмөндөр» аттуу бий-күүлөрү тартууланып, бул чыгармалар биздин таланттуу мекендештерибиз – Айзада Бектенова, Мээрим Бектенова, Бугубаев Нурек жана башка аткаруучулар менен коштолду.

Лондондогу университеттик колледжинде (UCL) Ноорузга арналган жаз майрамы эки миңден ашык студент жана Лондондогу жергиликтүү жашоочуларды, ошондой эле Борбордук Азиянын диаспораларынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий