• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте кайырчылык кылган балдарды аныктоо боюнча рейд өттү

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун акимиаты кайырчылык менен алектенип, оор абалда калган балдарды аныктоо боюнча рейд уюштурду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Свердлов районундогу Ак-Эмир, Чынар, Мадина, Дордой, Мал базары, Аламүдүн базары, Турбаза, Чолпон, Эски толчок базарларында, ошондой эле автобекеттерде, кафелерде, унаа жуучу жайларда текшерүү жүргүзүлдү. Жалпысынан 87 объект текшерилди.

Жыйынтыгында кайыр сураган 6 ата-эне жана 9 баланын өздүгү такталды. Ал эми төрт бала ата-энесине жумушта жардам бергендиги аныкталды.

Жашы жете элек балдар менен бирге кайырчылык кылууга жол бербөө боюнча ата-энелер менен профилактикалык баарлашуу жүргүзүлүп, алдын алуу актылары түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий