• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Ата районунда кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундар арасында ар дайым алдын алуу иштери жүргүзүлүп келет.

Маалым болгондой, бул ирет Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери улантылды.

Иш-чара учурунда милициянын аймактык тескөөчүлөрү милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен айылдарда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурушуп, алдын алуу иштерин жүргүзүү учурунда жарандардын суроолоруна жооп беришип, алардын кайрылууларын тиешелүү кызматтарга жеткиришүүдө.

Ошол эле учурда жарандарга өз мүлктөрүнө сак болуу үчүн алдын алуу эрежелерин сактоо кылмыштуулукту болтурбоого мүмкүнчүлүк түзөөрү айтылды.

Иш-чарада милиция кызматкерлери тарабынан соода-сатык жайларга жана башка жарандарга тейлөө көрсөткөн имараттарга видео камераларды орнотуу кылмыштуулуктун алдын алууга мүмкүнчүлүк берээри белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий