«Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы билдирет.

Атап айтканда, маршруттун баштапкы тилкесинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:

- жерди казуу жана алып салуу;

- шагыл менен кайра толтуруу;

- дренаждык жумуштар;

- темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдары жайгаштыруу;

- жебе котормосун жайгаштыруу.

Жакынкы арада «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан «Балыкчы - Кочкор -Кара-Кече» (186 км) темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биринчи этап узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолунун курулушун камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий