• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 млн 867 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгына бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665 млн 867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

- КР бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;
- эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сом.

Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 млн 47 миң сомдун ичинен 152 млн 596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:

  • Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча Отчет;
  • Covid-19 коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына 8750 кг (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу "Дөөлөт Трейдинг" ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер А.Н. Бектурганов) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;
  • К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.

Пикир

Оставить комментарий