• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Касымалиев Германиянын Орто бизнестин федералдык союзунун делегациясы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Федералдык союздун федералдык башкармалыгынын мүчөсү Ян Андреас жетектеген Германиянын Орто бизнестин федералдык союзунун делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-герман мамилелерин тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Германия Кыргызстандын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки мамлекеттин башчыларынын өз ара иш сапарларын жана жетишилген макулдашуулардын натыйжаларын, анын ичинде Германиянын ири компанияларынын бири “Knauf” компаниясынын өлкөгө келишин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, 2022-жылы эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу кыргыз-герман ишкерлер кеңеши түзүлгөн.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев герман бизнесинин Кыргызстанда ийгиликтүү иш алып баруусунун мисалдарын белгилеп, министрлер кабинети бардык чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.

Бул багытта министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Кыргызстандын гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана “жашыл” экономика тармагында потенциалы жогору экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Федералдык союздун федералдык башкармалыгынын мүчөсү Ян Андреас кызматташууну тереңдетүүгө, анын ичинде жаңы практикалык сунуштарды ишке ашыруунун алкагында иш жүргүзүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий