• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек мэриясы Түштүк магистралдагы автобус тилкесин ичкертүүнү карап жатат

Коом 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы Түштүк магистралдагы автобус тилкесинин туурасын ичкертүү сунушун карап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Депуат Марлен Маматалиевдин айтымында, эгерде тилкени автобус гана баткандай кылып ичкертсе, жеңил унаалар үчүн дагы бир тилке пайда болот.

Калаа башчысы белгилегендей, мэриянын дарегине мындай сунуштар түшүп жатат. Учурда автобус тилкесинин туурасы 3,1 метрди түзөт, тилкени 2,8 метрге чейин ичкертүү мүмкүн.

Эскерте кетсек, сентябрь айынын башынан тарта тилке 12-кичи районундагы Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө коомдук транспорт үчүн сары тилке уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий