• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Акылбек Жапаров АӨБ Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде 2023-2027-жылдарга Кыргызстан үчүн жаңы Өнөктөштүк Стратегиясы, ошондой эле климаттын өзгөрүшү, энергетика жана жеке сектор жаатындагы өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча Азия өнүктүрүү банкы үчүн план талкууланды.

Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкы өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү экендигин, Кыргыз Республикасы экономика тармактарын өнүктүрүүдө аталган уюм менен кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Ал санариптештирүү, жашыл экономика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

«Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу биз үчүн артыкчылыктуу маселе. Жакынкы жылдары өлкө боюнча 50дөн 100гө чейин чакан ГЭСтер ишке кирет, ошондой эле күн жана шамал электр станцияларын ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Биз жашыл сертификаттардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну үйрөнгүбүз келет жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө финансылык каражат тартууну каалайбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков өз кезегинде ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде энергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирди.

«Сиздерди өткөн жылдагы жакшы экономикалык көрсөткүчтөр менен куттуктагым келет. Республиканын экономикасы 7 %га өстү, бул сиздин жана сиздин команданын эмгеги. Сиз чакан долбоорлордон стратегиялык маанидеги чоң долбоорлорго өтүүнүн маанилүүлүгүн айттыңыз. Биз мындай долбоорлорго катышкыбыз келет», - деди Евгений Жуков.

Пикир

Оставить комментарий