• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча рейд жүрдү

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча рейддер жүрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддерге төрт райондун акимдери, райондук администрациялардын, укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик салык кызматынын жана МАБдын кызматкерлери катышты.

Ленин районунун аймагында Кулиев, Үмөталиев, Москва жана Садырбаев көчөлөрү текшерилип, окуянын чоо-жайын тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 18 адам РИИБге жеткирилди.

Биринчи май районунда Кулиев, Павлов жана Москва көчөлөрү текшерилип, натыйжада 16 жаран жагдайды тактоо жана өздүгүн тактоо үчүн РИИБге жеткирилген.

Октябрь районунда Жукеев-Пудовкин, Элебаев, Карасаев, Медеров, Беларусь көчөлөрү жана Ала-Тоо -3 чолок көчөсү текшерилди. Рейддин жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жалпы суммасы 59 миң сомдук протоколдор түзүлдү. Окуянын чоо-жайын тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 2 адам РИИБге жеткирилди.

Свердлов районунда да жагдайды тактоо жана өздүгүн аныктоо үчүн 16 жаран РИИБге жеткирилген. Аталган факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан эки адамга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул иш-чаралар жакынкы күндөрү дагы уланат.

Белгилей кетсек, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 25-декабрда райондук администрациялардын башчыларынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда жыйын өткөргөн. Анын алкагында мэр жетекчилерге РИИБ менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү жана интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддерди жүргүзүү тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий