• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ширетүүчү, электрик жана тракторист. "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун" кыз студенттери билим алган кесиптер

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун" аткаруучу директору Рысбек Акынбеков аталган фонд аркылуу билим алган кыз студенттер арасында белгилүү болгон кесиптерди атады.

Анын айтымында, окуучулардын жалпы санынын 47%ын кыз-келиндер түзөт.

"Кыз-келиндер арасында жеңил өнөр жай, мейманкана менеджменти, ашпозчу, сулуулук тармагы жана укалоочу кесиптери кеңири жайылган. Бирок ошол эле учурда ширетүүчү, электрик жана тракторист курсунда дагы окуган кыздар болду", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий