• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ду Дэвэнге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай элчилигине министрликтин жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө, жарандардын коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтып, бул өз кезегинде калктын милицияга карата коопсуздукту камсыздоо жана ишеним сезимин калыптандырууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ду Дэвэнь КЭРдин еоомдук коопсуздук министринин атынан Улан Ниязбековго 2023-жылдын 19-сентябрынан 21-сентябрына чейин Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өтө турган глобалдык коомдук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды.

Өз кезегинде Улан Ниязбеков элчиге чакыруу кагазын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда, өз ара түшүнүшүү рухунда жана конструктивдүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий