• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кытайдын жогорку окуу жайларындагы гранттык окууга конкурс 17-январга чейин узартылат

Билим 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 10-декабрында жана 24-декабрында жарыяланган 2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча окуу жана тилдик такшалтмадан өтүү үчүн конкурстар 2022-жылдын 17-январына чейин узартылганын билдирет.

Эске сала кетсек, каалоосу бар талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине жараша http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында («2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») каттоодон өтүүсү, зарыл болгон талаачаны толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди тапшыруусу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий