• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мектеп окуучулары бир жумага жазгы каникулга тарайт

Билим 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда мектеп окуучулары 20-марттан 26-мартка чейин жазгы каникулга тарайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептердеги төртүнчү чейрек 27-мартта башталат.

“2022-2023-окуу жылында окуучулардын жазгы каникулу 12 күнгө созулушу керек. Бирок январь айында өлкөдө сасык тумоодон улам кышкы каникул узартылганына байланыштуу жазгы эс алуу кыскартылат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий