• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргыз балбандары дагы беш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бишкектеги Азия-Тынч океан сурдочемпионатынын грек-рим күрөшүнүн экинчи күнү 9-мартта аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин экинчи күнү килемде 60, 67, 77, 87, 130 кг салмак категорияларында беттештер өттү.

Кргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча курама команда беш медаль (3 алтын, 2 күмүш) жеңди.

77 кг салмак категориясында Дастан Рысбаев, 87 кг салмакта Алишер Шамшидинов жана 130 кг Миляс Марков алтын медалга ээ болду. Ал эми 60 кг салмакта Смадияр Жумакадыров жана 67 кг салмак даражасында Динмухаммед Бигелдиев күмүш медаль тагынышты.

Эскерте кетсек, буга чейин курама команда төрт медаль (эки алтын, эки коло) жеңген.

Пикир

Оставить комментарий