Бишкекте "One Run 2024" эл аралык жарым марафону өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 19-майда "One Run 2024" эл аралык жарым марафону өтөт. Спорттук иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы аянтта эртең мененки саат 7:00дө башталат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жарым марафон 2 миңге жакын спортчу жана сергек жашоону сүйүүчүлөр катышат. Алар 21,1 чакырым, 10 чакырым, 5 чакырым аралыктарга чуркамакчы. Ошондой эле кичинекей балдар арасында 1 чакырым аралыкта чуркоо орун алат.

Спорттук иш-чаранын максаты - мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды активдүү жана сергек жашоого тартуу жана калк арасында спортту жайылтуу болуп саналат.

Жарым марафон бир убакта Египет, Бразилия, Камерун, Катар, Кытай, Бахрейн, БАЭ, Сербия, Түркия, Россиянын 89 аймагында, Беларусь, Тажикстан, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө пландаштырылган.

Спорттук иш-чара Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, КР Жеңил атлетика федерациясы жана "Баатырлар лигасы" тарабынан уюштурулууда.

Жарым марафондо саат 6:30дан 10:00гө чейин схема боюнча унаа кыймылына чектөө киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий