• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Айваз Оморканов триатлон боюнча дүйнө биринчилигине алгачкы жолу катышат

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айваз Оморканов триатлон боюнча Ironman World Championship 140.6 аталышындагы дүйнө биринчилигине алгачкы жолу жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш Гавайи аралында жыл сайын өткөрүлүп турат. Спортчулар 3,8 чакырым чуркоо, 180 чакырым сууда сүзүү жана 42,2 чакырым велосипед тебиши керектелет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Оморкановго мындай мүмкүнчүлүк Кытайда өткөн Ironman 70.3 мелдешинде өзүн ийгиликтүү көрсөткөндөн кийин берилген. Ал 1,9 чакырым сууда сүзүп, 90 чакырым велосипед тээп жана 21 чакырымга чуркаган. Оморканов өзүнүн салмак ченинде биринчи маарага келсе, 700 абсолюттук категориясында үчүнчү орунду багынткан.

Пикир

Оставить комментарий