• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош аэропортунда дээрлик 1,5 млн сомдук контрабандалык зер буюмдар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери дээрлик 1,5 млн сомдук контрабандалык зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, «Ош» эл аралык аэропортунан 51 жаштагы А.М.Л. аттуу жаран жалпы салмагы 298 граммды түзгөн зер буюмдарды - шакек, чынжырча, сөйкө жана билериктерди бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалды.

Зер буюмдардын орточо базар баасы 1 млн 482 миң 978 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий