• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте таэквондо WT боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында өлкө биринчилиги өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквондо WT боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 28-апрелде башталган, ага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашык спортчу катышууда.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Рустам Ниязалиев, КРнын таэквондо WT ассоциациясынын башкы катчысы жана таэквондо ВТ боюнча улуттук федерациясынын президенти катышты.

Белгилей кетсек, аталган чемпионат “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий