• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто волейбол боюнча өткөн мелдештин женүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Кечээ, 21-февралда Оштогу "Газпром" спорт комплексинде 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата эркектер арасында волейбол боюнча башталган мелдеш жыйынтыкталды. Спорттук иш-чара эки топко бөлүнүп өткөрүлд, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1-топто Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери арасында, 2-топто - шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери арасында уюштурулган.

Мелдешке жалпы 29 команда катышып, жыйынтыгында студенттер арасында 1-орунду ОшМУ командасы алса, 2-орунду ОГПИ, 3-орунду ОшМЮИ 4-орунду ОшКУУнун студенттери ээледи. Ал эми мекеме ишканалар арасында 1-орунду ОшМУнин мугалимдери, 2-орунду Ош Бажы, 3-орун ОшТУнун мугалимдер жамааты, 4-орунду Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери багындырышты.

Жеңишке жеткен командаларга Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.
Бул мелдештин негизги максаты республикалык, эл аралык мелдештерге Ош шаарынан мыкты спортчуларды жана курама командаларды тандап алуу, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө ошондой эле шаардыктардын майрамдык маанайын спорт аркылуу көтөрүү болуп эсептелээрин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин торагасы Кылычбек Саркарбаев билдирди.

Пикир

Оставить комментарий