• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Садыр Жапаров мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 28.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Статистика тутумунун көп жылдардан берки үзгүлтүксүз иши, кадрдык туруктуулугу өз кесибине берилген, мекенчил жана ак ниет кызмат өтөгөн кызматкерлердин аркасында сакталып келе жатат.

Расмий статистика – мамлекеттик башкаруунун ажырагыс куралы. Расмий статистиканын негизинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү болжолдонот. Андыктан өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү жолунда өз убагында берилген ишенимдүү жана жеткиликтүү статистикалык маалыматтар өзгөчө мааниге ээ!

Азыркы күндө заманбап статистика – бул статистикалык объективдүү маалыматтарды өз убагында чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун жана жайылтуунун мыкты жолго салынган тутуму болуп саналат.

Акыркы жылдары Кыргызстандын статистикасы эл аралык деңгээлде салыштырууга боло турган расмий статистиканы өндүрүүнүн жаңы стандарттарына жана ыкмаларына өтүү боюнча натыйжалуу иштерди жүргүздү. Өткөн жылы БУУнун Туруктуу өнүгүү тууралуу баяндамасында Туруктуу өнүгүү максаттарына жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, Кыргызстандын статистикалык натыйжалуулук индекси Борбордук Азияда эң жогору болуп табылды.

Урматтуу майрам ээлери, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, кесиптик ишмердүүлүгүңүздөрдө ийгиликтерди жана өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалайм.

Сиздердин кесибиңиздерге болгон берилгендигиңиздер, ишиңиздердеги тактыгыңыздар жана жогорку стандарттарга болгон умтулууңуздар ар дайым татыктуу баалоого жана колдоого ээ болсун.

Майрамыңыздар кут болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий