• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда бир мандаттуу 3 шайлоо округунда ЖК депутатын шайлоо башталды

Коом 0

Бишкек, 28.04.24. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дөн тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч шайлоо округунан жалпы 30 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Анын ичинен:

  • №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан – 10;
  • №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан – 13 талапкер, анын ичинен бирөө аял;
  • №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан – 7.

Ошондой эле аталган үч шайлоо округунан контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:

  • №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан — 112 миң 495;
  • №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан — 125 миң 344;
  • №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан — 111 миң 995.

Пикир

Оставить комментарий