Жалал-Абадда акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздук чаралары күчөтүлөт — милиция

Аймак 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда акыркы коңгуроо салтанаты учурунда коопсуздук чараларын күчөтүлөт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милиция Жалал-Абад облусунун аймагында мектеп бүтүрүүчүлөрү 25-май акыркы коӊгуроо салтанатын билим берүү мекемелеринен сырткары уюштурууга катуу тыюу салынарын эскертет.

"Кандайдыр бир тартип бузуулар орун ала турган болсо, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт. Майрамдык оюн-зоокторду жаратылыш койнунда уюштурууга, ошондой эле автоунаалардын коштоосунда жүрүүгө, түнкү клубдарда эс алууга тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 25-майда Жалал-Абад шаардык милициясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат.

Пикир

Оставить комментарий