• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Казакстанга бут кийим экспорттоочулар товарды маркировкалоосу керек — МСК

Экономика 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бут кийим товарларын ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга продукцияны Казакстандын аймагына ташып келгенге чейин же бажы жол-жоболоруна киргизгенге чейин маркалоону сунуштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Казакстандын бут кийим товарларын маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн жаңы эрежелерине ылайык, идентификациялоо каражаттары менен маркаланбаган бут кийим товарларын жана алардын калдыктарын жүгүртүүгө жана жүгүртүүдөн чыгарууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, Казакстанда сатылган бут кийим товарларынын калдыктарын маркалоо 2024-жылдын 1-июнуна чейин жүргүзүлөт.

Ошондой эле 2024-жылдын 1-июнуна чейин продукцияны маркалоо аларды импорттоочунун кампаларында ички керектөө же реимпорт үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасында бут кийим товарларын маркалоо жана көзөмөлдөө эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий