• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүлүктүлүк мугалим өзү тиккен 100 беткапты акысыз таратты

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Сүлүктүлүк мугалим өзүнүн эсебинен 100 беткап тигип, таратты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, коронавирустан сактануу иштерине өз салымын кошуу максатында Сүлүктү шаарынын жашоочусу, балдар искусство мектебинин кол эмгек сабагынын мугалими Бактыгүл Аширалиева өзүнүн эсебинен 100 беткап тигип, санитардык-карантиндик пункттарда нөөмөттө жана обсервацияда кызматта тургандарга жана муктаж жарандарга таркатты.

Пикир

Оставить комментарий