• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Талас районунда 275 орундуу жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты

Аймак 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Күн мурун, 1-февралда Талас районуна караштуу Көк-Токой айылында Ш. Шеркулов атындагы 275 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу катышты.

Аталган мектептин окуу корпустарынын эскилиги жетип, Мамкурулуш тарабынан атайын тизмеге киргизилген. Мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталып, 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келген. Токтоп турган курулуш президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып бүткөрүлдү.

Белгилей кетсек, аталган мектеп Мамкурулуш тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.

Пикир

Оставить комментарий