• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

“Ювентус”–“Манчестер Юнайтед”: Дибаланын голу “Ювентусту” жеңишке алып келди

Спорт 0

Бишкек, 24.10.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чемпиондор лигасынын тайпалык оюнунун 3-турунда “Ювентус” клубу менен “Манчестер Юнайтед” командалары беттешти. “Олд Траффорд” стадионунда болгон оюн 1:0 эсебинде “Ювентустун” пайдасына жыйынтыкталды.

Оюндун 17-мүнөтүндө Куадрадонун бутуна тийип чыгарылган топту “Ювентустун” чабуулчусу Дибала голго айлантты. 2-таймда кооптуу чабуулдар болгону менен эки команда тең гол жарата алган жок.

Н тайпасында “Ювентус” 9 упай менен биринчи сапта турса, “Манчестер Юнайтед” 4 упай менен экинчи орунда келе жатат.

Белгилей кетсек, ошол эле күнү, чемпиондор лигасынын 3-турунда бир катар командалар арасында оюн өттү.

АЕК Афины – Бавария (0-2), Янг Бойз – Валенция (1-1), Аякс – Бенфика (1-0), мадридтик “Реал” – Виктория (2-1), Хоффенхайм – Лион (3-3), Рома – ЦСКА Москва (3-0), Шахтер Донецк – Манчестер Сити (0-3).

Пикир

Оставить комментарий