• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты.

Жарым финалдык беттеште Медет кызы тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңди.

Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.

Аталган мелдеште кыргыз балбаны 76 кг салмак ченинде катышып, алгачкы атаандашы кытайлык Хуан Ванды 2:1 эсебинде жеңип, 4/1 финалга чыккан.

Андан соң Медет кызы вьетнамдык спортчу Тхи Линь Дангдын далысын жерге басып, 8:0 эсебинде таза жеңишти камсыздап, жарым финалга жолдомо алган.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий