• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын футзал курамасы дүйнөнүн эң мыкты 50 командасынын катарына кирди

Спорт 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) расмий сайтында футзал боюнча улуттук курамалардын тарыхтагы алгачкы рейтингин жарыялады. Кыргызстандын командасы 41-орунду ээлеп, дүйнөнүн эң мыкты 50 командасынын катарына кирди.

Акшумкарлардын капчыгында 1091,36 упай бар. Алдыңкы бештикке Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн командалары:

  • Казакстан 8-орунда;
  • Өзбекстан 11-орунда;
  • Тажикстан 33-орунда;
  • Түркмөнстан 66-орунда.

Рейтингде жалпысынан 139 команда бар.

Пикир

Оставить комментарий