• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 400 чакырым чарба аралык каналдар оңдолду — Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сугат иштерине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата өлкө аймагында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 398,5 км чарба аралык каналдарда оӊдоп-түзөө жана механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 376 гидротехникалык курулмалар, 145 суу өлчөөчү пост, 107 насостук станция, 183 насостук агрегат оңдолуп, 12 насостук агрегатты алмаштыруу жана 8 суу топтоочу курулмаларды (3 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 2 суу сактагычтын) тазалоо иштери аткарылууда.

Баткен, Ош жана жалал-Абад облустарында суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштер планга ылайык 10-апрелде, ал эми Чүй жана Талас облустарында 1-майга карата бүткөрүлгөн. Учурда пайдалануучулардын өтүнмөсүнүн негизинде сугат суу берилүүдө.

Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында суу чарба аобъектилерин оңдоо жана тазалоону 10-майга чейин бүткөрүү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий