• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жашыл мурас. Бишкекте 100 миңге жакын дарак отургузуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. «Жашыл Мурас» улуттук жашылдандыруу кампаниясынын алкагында Бишкекке 100 миңге жакын бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэрдин айтымында, ал программанын алкагында ар бир дем алыш күндөрү борбор калаанын сейил бактарына гана эмес, калктуу конуштарга да көчөт отургузууга жеке катышууда.

“Буга чейин Калыс-Ордо жаңы конушунун тургундары менен 1 миңден ашуун бак отургуздук. Конуштун тургундары бак-дарактарды багып, сугарып турууга убада беришт”, - деди ал.

Жыйынтыгында муниципалитеттин башчысы Бишкек шаарынын мэриясынын приоритеттүү милдеттеринин бири борбор калааны жашылдандыруу болуп саналарын белгиледи.

Эскерте кетсек, КР президенти Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында 2022-жылдын 12-мартында "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштаган.

Белгилүу болгондой, Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өтүп жана жыл сайын өтүүчү салтка айланат. Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий