• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-пакистан бизнес-форумун уюштуруу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Лахор университетинин төрагасы Авайс Рауф менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу учурунда элчи У.Тотуяев КР президенти С.Жапаровдун чет өлкөлүк инвестицияларды коргоо боюнча бир катар алгылыктуу демилгелерин белгиледи, билим берүү, туризм, медицина жана айыл чарба долбоорлоруна инвестициялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, ушул жылдын ичинде эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларынын, мамлекеттик органдарынын, эксперттеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек шаарында кыргыз-пакистан бизнес-форумун уюштуруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий