• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мамкурулуш 7 ай ичинде 252 лицензия тариздеген

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7 айында мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 252 лицензия таризделген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лицензиялардын жалпы санынан, региондук маани боюнча Бишкек шаарында - 148, Чүй облусу - 16, Талас - 4, Ысык-Көл -14, Ош – 52, Баткен- 4, Жалал-Абад – 9 жана Нарын облусунда – 5 лицензия берилген.

Жалпысынан Кыргызстандын юридикалык жактарына - 246 жана жеке ишкерлерге 6 лицензия берилген. Биринчи жолу 178 уюм лицензия алган, калган 74 уюм аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздеген.

Пикир

Оставить комментарий