• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектин Свердлов районунун аймагында эки бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 14.08.23./Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун аймагында эки бала бакча курулууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, район башчысынын орун басары Асель Садыкова "Дордой" жаңы конушундагы курулуп жаткан бала бакчага барды. Анда "Монолит Строй" ЖЧК курулуш компаниясы 140 орундуу балдар бакчаны куруп жатат.

Бүгүнкү күндө ички жасалгалоо жана тийиштүү жер тилкелерин көрктөндүрүү боюнча иштер аяктоодо.

Ошондой эле, "Бай Мен" ЖЧК курулуш уюму тарабынан "Келечек" конушунда долбоордук кубаттуулугу 100 орундуу бала бакча курулуп жатат.

Бүгүнкү күндө арматуралык байлоо, бетон куюу, кирпич коюу боюнча иштер аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий