7 айда кылмыштуу кирешелерди адалдаган 5 финансы институту аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын 7 айында Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдаган 5 финансы институту аныкталган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекемелерге мыйзам бузгандыгы үчүн 600 миң сом айып салынган, анын ичинен:

- максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргызстандын 2 коммерциялык банкына жалпы суммасы 325 миң сом 5 айып;

- ички контроль системасын уюштурууга карата талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контролдоо программасын колдонуу, тобокелдикке негизделген мамилени колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу) 2 микрофинансы компаниясына 5 айып жана 1 микрокредиттик компания жалпысынан 275 миң сомго айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий