• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Боксчу Мухаммадазиз Закиров Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатындакүмүш медалга ээ болду.

Мелдешке кыргыз0стандык мушкер 80 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык баскычында кореялык Парк Дам Хьонду утту. Ал эми жарым финалдык беттеште индиянын спортчусу Сахилдди жеңген.

Алтын медаль үчүн беттеште казакстандын мушкери Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, күмүш медалга татыды.

Пикир

Оставить комментарий