• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандын футзал курамасы Афганистанга утулуп, дүйнөлүк чемпионатка катышуудан кол жууду

Спорт 0

Бишкек, 28.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча курамасы дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.

Чечүүчү беттеште команда афганистандык атаандаштарына 5:3 эсебинде утулуп калды. Бул алардын дүйнө чемпиондугунда дебюту болмокчу.

Акшумкарлар Таиландда өткөн Азия кубогуна катышып, чейрек финалда турнирден четтетилген. Регламентке ылайык, жарым финалга чыккандар дүйнө чемпионатына жолдомо алышкан, бирок дагы бир жолдомо ойнотулган. Анткени, жарым финалга чыккан Өзбекстан дүйнө биринчилигин кабыл алган өлкө катары биринчиликке автоматтык түрдө катышат. курамасы сентябрда өтө турган биринчиликке катышат, анткени дүйнө чемпионатын өткөрүп жаткан өлкө катары турнирге автоматтык түрдө катышат.

Биринчи беттеште кыргызстандыктар вьетнамдыктарды утуп, бирок бүгүнкү оюнда утулуп калды.

Кыргыз курама командасы буга чейин дүйнөлүк чемпионатта ойногон эмес.

Пикир

Оставить комментарий