• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө сууда сүзүү боюнча жарыш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Балыкчы шаарында 26-августта жыл сайын өтүүчү Issyk-Kul Swim Challenge сууда сүзүү жарышы болот, катышуучулар көлдү сүзүп өтүүлөрү керек. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык түйүндө кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешти өткөрүүнүн башкы максаты – Кыргызстанда дени сак спорттук жашоону үндөө, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү туристтерди тартуу.

Иш-чара Ысык-Көл акваториясында Кара-Талаа айылынан түштүк жээктеги Тору-Айгырга чейин болот.

Аралыкты өтүүдөгү убакыт – 7 саат.

Пикир

Оставить комментарий