• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандыктарга Латвиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн мамлекеттик стипендиялар берилет

Билим 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына карата мамлекеттик стипендиялык программа боюнча кыргызстандыктарга Латвиянын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Стипендиялык программа эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында иштейт.

Документтерди кабыл алуу жана талапкерлерди конкурстук тандоону Латвия тарап жүзөөгө ашырат.

Окутуу жана изилдөө стипендиялары жөнүндө маалымат https://www.viaa.gov.lv/en/latvian-state-scholarships сайтында жайгаштырылган.

Өтүнмөлөрдү берүүнүн электрондук системасы 2023-жылдын 1-февралынан 1-апрелине https://scholarships.viaa.gov.lv/en/login сайты аркылуу ишке ашырылат.

Комиссия талапкерлердин арыздарын баалап, жыйынтыгын 2023-жылдын июнь айынын аягына чейин жарыялайт.

Жайкы мектептерге катышуу үчүн стипендия алууга өтүнмө бланктар https://www.viaa.gov.lv/en/summer-schools сайтында жеткиликтүү. Толтурулган арыздар жана документтер жайкы мектептин уюштуруучуларына 2023-жылдын 1-апрелине чейин берилиши керек.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Латвия мамлекеттик билим берүүнү өнүктүрүү агенттигинин эл аралык кызматташтык программалары бөлүмүнүн улук адиси Марик Пирага кайрылсаңыз болот, электрондук почта: scholarships@viaa.gov.lv; Тел: +37167814331.

Пикир

Оставить комментарий